Япониядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны жүздөн ашты (сүрөт, видео)

Япониядагы алты префектурасында болгон жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 103кө жетти. Бул тууралуу жергиликтүү Киодо агенттиги жазды.

Буга чейин кырсыктан кеминде 50 адам жабыркаганы тууралуу кабарланган.

Курмандыктар Мияги, Фукусима, Ибараки, Точидиги, Сайтама жана Чиба префектураларында болгон. Жабыркагандардын көпчүлүгү Фукусимада катталып, кырсыктан 52 адам жаракат алган.

Япониянын түндүк-чыгышында Тынч океанындагы Фукусима префектурасынын аймагында күчү 7,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Жер титирөө Токиодо дагы сезилди, алардын күчү борбордо болжол менен 4 баллды түзгөнү кабарланды.

Бул аймакта атомдук электр станцияларында авариялык абал же радиациянын агып кетиши аныкталган эмес. Жер титирөөнүн кесепетинен Токиодо жайгашкан Канто жана Тохоку аймактарында дээрлик 1 миллион үй-бүлө электр жарыгысыз калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazarnew
2021-02-14 10:11:16
Если биз кыргыздар ушундай жер титирөөчу өлкөдө жашасак кандай болот эле, чачылып каша болуп кетсек керек.
-11
Tursunbaev1978
2021-02-14 19:04:56
nazarnew,Кыргызстан дагы сейсмо активный зонага кирет
+1
asefsa
2021-02-14 13:42:03
Кудай сактасын
+8
Nurmat8921
2021-02-14 15:42:15
Аллахым өзү сактасын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан