
Түркия бийлиги 2015-жылы күрт козголоңчулар уурдап кеткен 13 түрк жаранынын сөөгү Ирактын түндүгүнөн табылганын жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министри
Хулуси Акарга таянып, түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, маркумдардын сөөгү террорчу уюм деп табылган Күрт жумушчу партиясынын жоочуларына каршы аскердик жортуулдун жүрүшүндө үңкүрдөн табылган.
"Каза болгон 10 адамдын аты-жөнү тастыкталды, дагы үч кишинин ким экендиги такталууда. Сөөктү текшерүү маалында куралсыз түрк жарандарынын 12си башка атып өлтүрүлгөнү, бирөө далысына ок тийип набыт кеткени аныкталды",- деп жазылат маалыматта.