Түркиянын Стамбул шаарында калыңдыгы 20 сантиметр кар жаады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Мындан улам билим берүүчү жайлар 17-февралга чейин жабык болот.
"Кар жаап, катуу шамал уланып жатат. Күтүлгөн мындай туруксуз аба ырайынан улам бардык окуу жайлар шаршембиге чейин жабылды. Аэропорттор штаттык негизде иштеп жатат. Бирок кээ бир каттамдар кармалып, убактысында учпай калууда. Унаа каттамдарынын кыймылында бир аз көйгөйлөр жаралды", - деп жазылат маалыматта.
Аталган өлкөнүн синоптиктеринин айтымында, дагы беш күн кар жаашы күтүлүүдө.