"Ымыркайдын ордуна куурчактар оролгон". Дагестандын жараны чарчап калган эки ымыркайын жерге берип жатып таң калычтуу абалга туш болду

Дагестандын аймагында жергиликтүү тургун чарчап калган эки ымыркайын жерге берип жатып, алардын ордуна куурчак салып койгонуна күбө болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул окуя боюнча Дагестан аймагынын полиция кызматкерлери териштирүү иштерин баштаган.

"Видео Дагестандын аймагындагы мүрзөлөрдүн биринде тартылган. Анда эркек киши төрөт үйлөрүнүн биринде жубайы эки бала төрөп, чарчап калганына байланыштуу жерге берер алдында, кепинди ачып кадимки оюнчук куурчакты көргөнүн билдирген. Дагестандын ИИМи бул окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн убакыт талап кылынаарын, бардык тиешеси бар адамдар аныкталып, мыйзам чегинде жооп беришерин билдирди", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми аталган аймактын губернатору жана ооруканадан мындай бейтап аларга кайрылбаганын бардык база текшерилгенин кабарлашкан.

Кийин аталган тасмадагы эркектин жубайы окуянын чоо-жайын айтып, төмөнкүлөргө токтолгон.

"Мент кош бойлуумун деп ойлогом. Бардык симптомдор жана тест дагы менин боюмда бар экенин көрсөтүп жатты. Ичим чоңоюп, ичинде кадимкидей бала кыймылдап турчу. Буга биздин жакындарыбыз жана жолдошум күбө. Кийин УЗИге барганда менин кош бойлуу эмес экенимди билдиришти. Мен бул туурасында күйөөмө айта алган жокмун. Анткени ал бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алган. Жолдошумдун туулган күнүндө мен ага эгиз балалуу болорбузду билдиргем. Ошентип, бүгүн, эртең айтам деп жүрүп өзүм дагы балалуу болом деген үмүт менен жашап калдым. Эч кимге эч нерсе айтпастан төрөткө даярданып баштадым. Бардык керектүү нерселерди алып жүрүп, дүкөндөн куурчакты көрүп калып сатып алгам. Бул көрүнүш башкалар үчүн калп болсо, мен үчүн чындык болуп жатты", - деп айтып жатканда видео үзүлүп калганын көрүүгө болот.

Дагестандын жараны чарчап калган эки ымыркайын жерге берип жатып, алардын ордуна куурчак салып койгонун билген
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bolotbek9191
2021-02-15 17:53:24
Косягы билинип калыптырда
+1
SHMIT
2021-02-15 19:50:43
Жинди дагы коп тообо кылыш керек
+1
nazira...
2021-02-15 20:23:36
Аялдан амал качып кутула албайт дечүү беле. Не кылат дейм да, баарибир билинип калыптыр го
+1
Nurtoruk
2021-02-16 10:39:38
Бул жерде Бир сыр бар окшойт
0
Erlan_95
2021-02-16 13:32:45
Аял оорулуу окшойт да, же ушундай жол мн куйоосун кармап калгысы келген. Блюнда болбосо кайдан сезет кыймылдаганын
0
ventus
2021-02-18 22:29:54
Которгондо түшүнүктүүрөөк которсонор. Анан да географияга көнүл бөлсөнөр. Стпврополь Дагестандабы? Экөө эки башка субьект го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан