Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри жана жубайы Меган Маркл экинчи наристесин күтүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалары жазып чыгышты.
"Арчи жакында ага болот. Герцог жана Герцогиня жакында экинчи балалуу болушат деп абдан кубанып жатабыз",- деп айтылат маалыматта.
Жубайлар дарактын түбүндө Меган колу менен курсагын кармап, Гарри анын башынан сылап жаткан сүрөтүн жарыялашкан. Меган менен Гарринин биринчи уулу Арчи май айында эки жашка чыгат. Буга чейин Меган Маркл АКШга көчүп баргандан кийин боюнан түшүп калганын айтып чыккан.