Эмираттын "Үмүт" иликтөөсү Марстын биринчи сүрөтүн жөнөттү

Бириккен Араб Эмираттарынын "Үмүт" космостук иликтөөсү Марстын биринчи сүрөтүн жөнөттү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн премьер-министри жана Дубай эмиратынын башкаруучусу Мохаммад бин Рашидге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 9-февралда Бириккен Араб Эмираттарынын планеталар аралык роботтоштурулган "Үмүт" станциясы Марстын орбитасына учурулгандан алты ай өткөндөн кийин кирген. БАЭ Марска жеткен дүйнөдөгү бешинчи өлкө болуп калды. Космостук иликтөө "кызыл планетанын" орбитасына, белгиленгендей, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:42де (Бишкек убактысы боюнча 15:42) кирген, андан кийин басаңдатуу процесси гравитациялык басып алуу аймагына кире баштаган. Космостук иликтөө Жерден Марска дээрлик 500 миллион километр аралыкта учкан. Ал 20-июлда Япониянын Танэгасима космос борборунан япониялык H-IIA ракетасында учурулган.

Марстын орбитасында 40 миң чакырым бийиктикте пайда болгон орбита "кызыл планетанын" климатын жана төмөнкү атмосферасын изилдөөгө арналган.

Толугу менен араб окумуштуулары жана инженерлери тарабынан курулган космостук иликтөө Марска 2021-жылы жетип, БАЭ өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 50 жылдыгына арналды. Эмират бийлиги муну Марска болгон биринчи араб миссиясы деп атап, иликтөөнүн ичине "мүмкүн болбогон эч нерсе жок” деген ураанды жазып коюшкан. БАЭ жакынкы жылдарга кеңири космостук изилдөө программасын пландаштырган, ал биринчи эмираттык космонавт Хаззаа аль-Мансурини 2019-жылы эл аралык мейкиндик станциясына жөнөтүү менен башталган. Учурда алар Эмираттын космостук тобуна жаңы талапкерлерди тандап жатышат жана Марста конуш орнотууну пландаштырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-02-16 06:43:03
Биз карыз толошубуз керек. Элдер охуууу
+4
Aiymkunumjyldyzym
2021-02-16 08:28:53
Элдер жерге эмес асманга отурукташа баштаган го,акчанын коптугунон.
+1
al-abu-kinesz
2021-02-16 11:39:27
Арабдар барса нефть издеп, кытайлар барса алтын издейт да эми.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан