Грецияда 85 жаштагы карыя коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөн 8 мүнөттөн кийин каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, карыя эмдөөдөн кийин күтүү залында отуруп, күтүлбөгөн жерден кулап түшкөн. Дарыгерлер жардамга келип, аны жандандыруу бөлүмүнө алып бара жатканда көз жумган. Дарыгерлер муну вакцинацияга дал келген күтүүсүз өлүм деп эсептешип, илимий жактан эч кандай эмдөөдөн кийин өлүм болбогонун аныкташкан.
Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө 109 миллион 48 миң 482 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.