Кытайдын Хунань провинциясында аттракцион бузулуп адамдар отургучтардан жерге ыргып кетишкен. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аттракцион белгисиз себептерден улам өзүнүн айланышын жайлатып, отургучтар бири-бирине кагылып адамдар жерге кулап түшкөн. Кырсыктын кесепетинен 16 адам жаракат алган, алардын үчөө оор абалда.