Акин Токталиев Садыр Жапаровду сотко бербей турган болду

Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко бербей турган болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акин Токталиев билдирди.

"Ар-намысымды жана кадыр-баркымды коргоо үчүн Садыр Жапаровду сотко берейин деп документтерди даярдап жаткам. Бирок экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин маегинин жазуусу пайда болгондугуна байланыштуу эч нерсени далилдөөнүн кажети жок болду",- дейт ал.

Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми Акин Токталиев кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирген.

"Акин Токталиев үчкө бөлүнгөн дин чөйрөсүн бириктиргендин ордуна кайра ырбатып жиберди", - деп Садыр Жапаров буга чейинки маегинде айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Mirlan27011987
2021-02-16 14:12:55
Кыргызстанда дин эч качан саясаттын, чыгармачылыктын, искуствонун маданияттын, билимдин аймагына кирбеши керек!
Президент Токталиевти кызматтан алганы туура болгон. Болбосо бул киши баардык тармака тушунуп-тушунбой эле озунун диний уставтары менен кийлигише бермек.
-4
nargiz-sa
2021-02-16 16:32:26
Жүрөгүнүн үшүн алып койгон го
+2
Nina.alex
2021-02-16 19:22:24
Акча чон роль ойнойт экен да муфтийликтин ичинде деле
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан