Түркиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Конья шаарына жакын жерде болгон автокырсыктан 5 адам каза болуп, 38 адам жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя түнкү саат 3:30да Конья-Адана трассасында болгон. Муздан тайгаланган жүк ташуучу унаа чоң жолдон чыгып кетип, капталынан жатып калган. Жүк ташуучу унаанын айдоочусуна жардам берүү үчүн жүргүнчү ташыган унаа жакын жерге токтогон. Ошол учурда өтүп бара жаткан автобус жолдун четинде токтоп турган унааны сүзүп, андан кийин экөө тең оодарылып кеткен. Жүргүнчү ташыган унаанын эки жүргүнчүсү жана автобустун үч жүргүнчүсү каза тапты. Алардын бардыгы Түркиянын жарандары экени кабарланууда.
Кечээ Түркиянын борбордук бөлүгүнө калың кар түшүп, шаар аралык трассаларда бир нече чакырымдык тыгын пайда болгон.