Йонн Гнарр - Исландияда белгилүү инсандардын бири. Ал жергиликтүү телеканалдардын биринде көп жылдан бери тамашалуу берүүлөрдү жана шоу-программаларды даярдап келет. Мындан сырткары радиодо алып баруучулук кызматын аркалап, бир нече китептерди жазууга жетишкен. Ал эми 2010-жылдан 2014-жылга чейин Исландиянын борбор калаасы Рейкьявик шаарынын мэри болуп эмгектенген. Ага чейин Гнаррдын эч кандай саясий тажрыйбасы болгон эмес. Куудул "Эң мыкты партия" аттуу партия түзүп, Рейкьявик шаарындагы жергиликтүү кеңешке шайлоого катышып жеңип чыккан.
Алгач Йонн Гнаррдын партиясын көпчүлүк олуттуу кабыл алышкан эмес. Атаандаш партиялар Гнарр өзүнүн теле берүүсүнүн рейтингин көтөрүш үчүн шайлоого аттанып жатат деп ойлошкон. Гнарр жана анын партиялаштары башка партияларды шылдың кылышып, алардын шайлоо алдындагы убадаларына пародия катары өз программаларын иштеп чыгышкан. "Эң мыкты партия" "Башка партиялардын баары жашыруун коррупцияга аралашкан, биз партия коррупцияга ачык аралашат" деген ураан менен шайлоого аттанган. Гнарр жана анын партиялаштары өздөрүнүн убадаларын баарыбир аткарбай турганын айтышкан. Алар "биз өмүр бою иштеп келе жатабыз, шайлоодон жеңип 4 жыл бою жакшы айлык алып, эс алгыбыз келет" деп билдиришкен. Бара-бара шаар тургундарынын арасында "Эң мыкты партиянын" популярдуулугу өсүп, шайлоодон жеңишке жетишкен. Шайлоочулардын 34,7 пайыз добушуна ээ болгон "Эң мыкты партиянын" лидери Йонн Гнарр Рейкьявик шаарынын мэри болуп дайындалып, 4 жыл эмгектенген.
Гнарр мэрлик кызматта эч качан өзүн олуттуу алып жүргөн эмес. Ал аткаминерлер менен болгон расмий жолугушууларда ар дайым "Бэтмэн", "Жөргөмүш адам" популярдуу фильмдердин каармандарынын образында кийинип келген. Бирок, 4 жыл ичинде куудул шаар турмушун бир топ жакшырта алган. Мисалы, анын тушунда шаардын билим берүү, каржы тармагы толук реформаланып, ондогон чакырым велосипед жолдору салынган. Мындан сырткары шаарга келген туристтердин саны 20 пайызга өскөн.
"Эң мыкты партиянын" шайлоо алдындагы убадалары:
Шаардагы бардык бассейндерде бекер сүлгү берилүүсүн камсыздайбыз;
Жергиликтүү зоопаркка ак аюу алып келебиз;
Өлкөдө экономиканы түшүнгөн кимдир бирөө болушу үчүн Исландияга еврейлерди алып келебиз;
2020-жылга чейин парламентти баңгизаттардан арылтабыз;
Эч нерсе кылбайбыз. Анткени биз өмүр бою иштеп келе жатабыз, шайлоодон жеңип 4 жыл бою жакшы айлык алып, эс алгыбыз келет;
Коомдук транспортту бекер кылабыз. Анткени биз башка партияларга караганда бир нече эсе көп убада беребиз, бирок бирин да аткарбайбыз.