Өлкөнүн тышкы карыздары. Акин Токталиев Садыр Жапаровду сотко бербей турган болду. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 16-февраль, күнгө шейшемби. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Акин Токталиев Садыр Жапаровду сотко бербей турган болду

Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко бербей турганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Ар-намысымды жана кадыр-баркымды коргоо үчүн Садыр Жапаровду сотко берейин деп документтерди даярдап жаткам. Бирок экс-муфтий Рахматулла ажы Эгембердиевдин маегинин жазуусу пайда болгондугуна байланыштуу эч нерсени далилдөөнүн кажети жок болду",- дейт Токталиев.
Акин Токталиев дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорлук кызматынан бошотулган. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ал кызматтан эмне себептен кеткенин түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирген.
"Эмне себеп болуп кеткенин өзүм да билбей, түшүнбөй калдым. Башка президент кызматтан бошотсо өз кишисин койду го деп түшүнөт элем. Мен бул президенттин өз кишиси болчумун да. Инаугурациянын алдында муфтиятка келип, мени тааныштырып, үй-бүлөлүк адвокатым деп айтты эле. Жардам беребиз деп мени мактап, жактап кеткен. Садыр Жапаровдун 10дой жактоочусу болгон. Анын ичинен эң жакыны мен болчумун. 10 жылдан бери жактоочусу болуп жүрөм. Өзү байланышка чыккан жок. Президенттик аппараттын башчысы мени чакырып алып, сиздин тагдырыңыз чечилип калды деп айтты. Мен бул кызматка жан талашып барган эмесмин",- дейт Токталиев.

Буга Садыр Жапаров маектеринин биринде төмөндөгүдөй жооп берди.

"Молдолорду ынтымакка чакырыңыз, жарандарыбызды туура жолго чакырып, радикалдуу динди кармануудан алыс болууга чакырышсын" деген тапшырманы койдум. Тилекке каршы, үчкө бөлүнүп жүргөн дин чөйрөсүн бириктиргендин ордуна бир жагына кошулуп алып, ушундай ыр-чырдын жаралуусуна түрткү болуп кетти. Ошон үчүн кызматтан алып, жаш, энергиялуу, дин чөйрөсүн жакшы түшүнгөн адисти койдум. Мамлекеттин иши жылбай, молдолордун арасында чатак күчөп турса, менин адвокатым эле деп кармап отура берсем кандай болот? Мамлекеттик кызматта менин адвокатым, менин досум, тууганым деген принцип болбошу керек. Ошондой принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаровдун Орусиядан кийинки иш сапары Казакстанга болот

Президент Садыр Жапаровдун Орусиядан кийинки иш сапары Казакстанга болот. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

Азырынча Казакстанга качан барары белгисиз.

Садыр Жапаров Орусияга 24-25-февраль күндөрү барат. Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга пландалып жатканы айтылган. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирген.

Искендер Гайпкуловдун мандаты Шайлообек Атазовго берилет

Экс-депутат Искендер Гайпкуловдун мандатын Шайлообек Атазов ала алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"2015-жылы Шайлообек Атазовдун тизмеси "Ата-Мекен" партиясында болчу, ал ошол жылы ушул партия менен шайлоого барган. Азыр кийинки талапкердин тизмеси Атазовго жеткендиктен, Гайпкуловдун мандаты ага берилет",- деди Бекматов.

Шайлообек Атазов 41 жашта. Ал "ЕРЕМ" спорт клубунун аткаруучу директору. Ошондой эле ал "Күч биримдиги" саясий кыймылынын лидери.

2020-жылдын 4-октябрындагы жыйынтыгы жараксыз деп табылган парламенттик шайлоого чейин Шайлообек Атазов "Мекеним Кыргызстан" партиясынын курамында депутаттыкка талапкер болгон.

Буга чейин Искандер Гайпкулов президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалганы маалымдалган.

Сырткы карыздар үчүн кол жууп калышыбыз мүмкүн болгон объектилер боюнча президенттик аппараттын жообу

"Сырткы карыздардын айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз",- деп президент Садыр Жапаров 13-февралда "Кабар" агенттигине маек берип жатып билдирди.

Мамлекеттик кызматта менин адвокатым, менин досум, тууганым деген принцип болбош керек. Ошондой принцип менен 30 жылдан бери жашап келип, мамлекетибиз жок болуп кетүү коркунучуна такалыптыр. Сырткы карызыбыз 5 миллиард долларга жакын. Айрымдарын өз убагында төлөй албай калсак бир топ объектилерибизден айрылабыз. Келишим шартына ушундайга макулбуз деп кол коюп койгон экен Атамбаев. Бирок Кудай буюрса, бардык карыздардан өз убагында кутулабыз. Пландар бар",- деген Жапаров.

Президент "сырткы карыздарды төлөбөсөк бир топ объектилерибизден айрылабыз" деп кайсы объектилерди айтканы боюнча кийин маалымат жыйында билдирет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

"Ал жалпылап айткан. Мамлекет башчы чоң маалымат жыйын бергенде бул тууралуу айтат. Насыяны өз убагында төлөбөсө объектилер өтүп кетет. Бирок президент насыяларды өз убагында төлөгөнгө аракет кылам деп жатат",- деди ал.

Маалымат жыйын качан өтөөрү азырынча белгисиз экенин кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан