Миллиардер Билл Гейтс дүйнөлүк климатты сактоо үчүн 2 миллиард доллар бөлөт

"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс алдыдагы беш жылда глобалдык климаттын өзгөрүшүнө каршы турууга багытталган долбоорлорго 2 миллиард доллар инвестиция салууну пландаштырууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү өлкөлөр климатты коргоо боюнча изилдөөлөргө сарптоолорду беш эсе көбөйтүп, ал жылына 110 миллиард долларды түзүшү керек.

"Биз физикалык-экономиканы тездик менен өзгөртүүбүз керек. Дүйнөлүк өнөр жай өзөктүк энергиядан баш тартпоосу кажет. Анткени күн жана шамал сыяктуу альтернативдүү энергия булактары электр энергиясына болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн жетишсиз. Келечектин дагы бир альтернативдүү энергиясы - суутек отуну. Аны колдонуп, цемент жана болот өндүрүшүндө парник газдарынын бөлүнүп чыгышын бир кыйла кыскартууга болот", - деген пикирин билдирген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mr.enriiko
2021-02-17 02:23:30
Бул келесоо дагы эмнени ойлоп таппты°°°
0
Jelezo
2021-02-17 15:16:33
Mr.enriiko, келесоо болсо ушундай байлык топтой алмак эмес.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан