"Дзюдодо утулуп бергенден баш тартканы үчүн өлтүрүлгөн". Түркмөнстанда эл бийликтен өспүрүмдүн өлүмүн изилдөөнү талап кылышууда

Түркмөнстанда 14 жаштагы баланын ата-энеси уулун өлтүргөндөрдү таап, жазалоо өтүнүчү менен президенти Гурбангулы Бердымухамедовго кайрылышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 14 жаштагы Сулейманды дзюдо боюнча мелдеште жеңишке жетишкенден кийин катуу сабап, белгисиз тарапка алып барып салышкан. Өтүп бара жаткандар өспүрүмдү байкап, "Тез жардам" кызматын чакырышкан, бирок баланы сактап кала алышкан эмес.

Өспүрүм Түркмөнстандын Ахал облусундагы олимпиадалык резервди даярдоочу спорт интернаттын жетинчи классында окуган. Андан Бахарден шаарында өткөн турнирде Түркмөнстандын ички иштер министрлигинин институтунун курсантына утулуп бериши керектигин талап кылышканы белгилүү болгон. Бирок, мектеп окуучусу ага макул болбой жеңишке жетип, чемпион аталган.

Чет өлкөдөгү түркмөн оппозициялык топтору түркмөн бийлигинен 14 жаштагы дзюдочунун өлүмүн иликтөөнү талап кылган нааразычылык акцияларын өткөрүү ниетин билдиришти. Оппозиция өспүрүм күрөштө утулуп бергенден баш тартканы үчүн өлтүрүлгөн деп эсептешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан