Орусиянын истребителдери Кара деңиздин үстүнөн Франциянын учактарын токтотушту

Кечээ, 17-февралда Орусиянын эки Су-27 истребители Франциянын аскердик учактарынын тобун Кара деңиздин үстүнөн токтотуп, аларды Орусиянын чек арасынан алыстап кеткенге чейин узатып барышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Анда жазылган маалыматка ылайык, Кара деңиздин нейтралдуу бөлүгүнүн үстүнөн Орусиянын радиолокациялык станциялары мамлекеттик чек арага жакындап келе жаткан аба объектилерин байкашкан. Мындан улам, Орусиянын эки Су-27 истребители абага көтөрүлгөн.

"Орусиянын экипаждары КС-135 май куюучу учагынан жана эки Мираж-2000 тактикалык учагынан турган Франциянын аба күчтөрүнүн учактарынын тобун аныктап, Кара деңиздин үстүнөн узатышты",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gulina90
2021-02-18 09:20:45
Анан эмне болуптур дагы.
-5
keba300989
2021-02-18 10:36:41
Gulina90, Түшүнбөсөн жазба
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан