Бүгүн,18-февраль күнү түндө Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын экинчи күндүк оюндары өттү.
Испаниянын "Севилья" командасы Германиянын күчтүү делген "Боруссия Дортмунд" клубун кабыл алды. Оюн 2:3 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктап, бул оюнда белгилүү жаш футболчу Эрлинг Холанд эки гол киргизди. Муну менен ал Чемпиондор Лигасында 7 оюнда 10 гол киргизип рекорд жаңылады. Буга чейинки рекорд "Бавариянын" мурунку чабуулчусу Рой Макайга таандык болчу. Ал 2003-2004-жылдар аралыгында 10 оюнда 10 гол киргизген.
"Севилья" - "Борусия Дортмунд" (2:3);
Голдор: Сусо (7-м), Махмуд Дауд (19-м), Эрлинг Холанд (27, 43-м), Люк де Йонг (84-м).
Экинчи жупта Португалиянын "Порту" командасы өз үйүндө атактуу "Ювентус" клубун кабыл алып, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Муну менен "Порту" тарыхында "Ювентусту" алгачкы жолу жеңди. Буга чейин эки команда 5 жолу беттешип анын 4үндө "Ювентус" жеңишке жетсе, бир беттеш тең чыгуу менен аяктаган.
"Порту" - "Ювентус" (2:1);
Голдор: Мехди Тареми (2-м), Мусса Марега (46-м), Федерико Кьеза (82-м).