Улуу Британияда ханзааданы балмуздак менен ууландырууну каалаган адам 28 жылга эркинен ажыратылды

Улуу Британияда ханзаада Жоржду жана падышалык үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүн балмуздак менен ууландырууну көздөгөн адам 28 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 27 жаштагы Сахайб Абу аттуу жаран коронавирус пандемиясы учурунда адам өлтүрүүнү пландап жаткандыгы белгилүү болуп, полиция тарабынан кармалган. Тергөө учурунда ал ханзаада Жоржду жана башка падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрүн ууландыруу максаты болгонун айтып берген. Кылмышкердин планы боюнча жакынкы супермаркеттеги балмуздакка уулуу зат кошуп, аны үй-бүлө мүчөлөрү сатып алышы керек болчу. Белгиленгендей, Абунун ою ишке ашпай былтыр 9-июлда камакка алынган. Жорж ханзаада Уильям жана Кейт Мидлтондун уулу. 8 жаштагы Жорж балмуздакка болгон сүйүүсү менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Omyrova
2021-02-18 22:27:44
Баладан айланып кетсин...Жаш баланын периштеси болот,сактаптыр.кандай гана жаман адамдар бар ээ,арабызда...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан