Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Германиядан дарылануудан келип, Баткен облусуна жөнөп кетти. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына өздүк булактар кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Камчыбек Ташиев учурда Баткен облусуна жетти. Ал чек ара боюнча маселелерди жеринде карайт.
Буга чейин, Камчыбек Ташиевдин Германиядан келип эле аэропорттон түз Баткенге учары кабарланган.
15-16-февралда, Бишкекте Тажикстан менен болгон чек ара чырына байланыштуу митинг өткөн.