Дүйнөдөгү эң кымбат ит 38,8 миң долларга сатылды

"Гиннесстин рекорддор китебине" Улуу Британиянын Долгеллау шаарынан алып келинген бир жаштагы бордер-колли тукумундагы ит дүйнөдөгү эң кымбат ит катары катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрү Ким аттуу бордер-колли тукумундагы ит аукциондо 38,8 миң долларга сатылгандыгын белгилешти. Ит "Farmers Marts" аукцион үйү уюштурган онлайн аукциондо сатылып алынган.

Буга чейинки рекорд Хенна аттуу итке таандык эле, ал 2020-жылдын октябрь айында 26 миң долларга сатылган.

Ким аттуу итти тарбиялаган фермер Дьюл Женкинс анын интеллектуалдык жактан өнүгүүсү буга чейин үч жаштагы иттин өнүгүү деңгээлинде экендигин айткан. "Ал баарын жасады. Ал бодо малды жана койлорду кайтарчу, бардык кыйынчылыктарга жана фермада иштөөгө даяр болчу", - деди Женкинс.

Буга чейин Англиянын Норфолк графтыгында дүйнөдөгү эң бийик ит наамын алган Фредди аттуу ит жаңы рекорд койгону кабарланган. Буга байланыштуу иттин ээси майрамдык кече өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Taalaibek.
2021-02-19 08:16:00
Ана биздин Кыргыз тайгандарыбызды сатсак 100000 доллра болот экенда.
0
aslan_akjol89
2021-02-19 12:18:11
Америкада ээси мураска берген 5миллион доллары бар ит сатылса канчага кетээр экен?
0
tsunse
2021-02-20 00:08:33
Дуйнодо эн кымбат ит, Кытайда сатылган го? Тибетский Мастиф. Миллион долларга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан