Германияда өтүүчү мелдеште орусиялык спортчуларга гимндин ордуна "Катюша" ырын аткарууга тыюу салынды

Германиянын Оберстдорф шаарында өтө турган лыжа спорту боюнча Дүйнө чемпиондугунда орусиялык спортчуларга гимндин "Катюша" ырын колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Белгилүү болгондой, Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы агенттиги Орусияга каршы санкция киргизгендигине байланыштуу аталган өлкөнүн жеңишке жетишкен спортчуларынын урматына олимпиадалык оюндардын гимни коюлат.

Өткөн жылдын 17-декабрында Спорттук арбитраждык сот Орусиянын спортчулары үчүн Дүйнө чемпиондуктарына жана олимпиадалык оюндарга өлкөнүн желеги алдында катышууга, улуттук гимнди колдонууга 2 жылдык мөөнөткө тыюу салган. 2-февраль күнү Орусиянын лыжа спорту боюнча федерациясынын президенти Елена Вяльбе Германияда өтө турган Дүйнө чемпиондугунда гимндин ордуна "Катюша" ырын колдонуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Taalai-bek
2021-02-19 09:28:13
Немистер "Катюшаны" укса жүрөктөрү кармап калбайбы кокуй! Согушта угуп жүрүп жеңилип калышкан байкуштар
+1
Asmat84
2021-02-19 10:32:11
Негизи туура кылыптыр
-1
Nina.alex
2021-02-19 12:00:25
Asmat84,наадан,акмак
-1
Nina.alex
2021-02-19 12:00:13
Россия великая держава
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан