Чүй облусунун Токмок шаарындагы айланма унаа жолдо ачык аянтта камыштан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт май куюучу жайга жана үйлөргө жайылууда.
"Алдын ала маалымат боюнча Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 51-чакырымында ачык аянтта камыштан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 18:39да куткаруучулардан жалпы 4 бөлүм тартылган. Жанында май куюучу станция (АЗС) болгондугуна байланыштуу 4 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти.