Эквадордо түз эфир учурунда кабарчыны тапанча менен карактап кетти

Эквадордо футболдук беттешти түз алып берип жаткан журналистке каракчы тапанча такап, коркуткан. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, спорт кабарчысы Гуаякиль шаарындагы "Монументаль Исидро Ромеро Карбо" стадионунда түз эфирге чыккан.

Кабарчы эфирге жаңы эле чыкканда медициналык бет кап кийген адам тапанча такап, уюлдук телефонун берүүсүн талап кылган. Кабарчы телефонду бергенден кийин каракчы окуя болгон жерден шериктери менен качып кетүүгө үлгүргөн. Бул көрүнүштү оператор видеого тартып алган. Азырынча карактап кеткен жарандын кармалганы же кармалбаганы белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан