Фейсбук Австралиядагы колдонуучуларына жаңылыктарды жайгаштырууга тыюу салды

Фейсбук Австралиядагы колдонуучуларын социалдык тармакка жаңылыктарды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 18-февралдан тартып Австралиянын аймагындагы Фейсбуктун колдонуучулары аталган социалдык тармакка маалымат каражаттарынын жаңылыктарын бөлүшүп, жарыялай албайт. Ошондой эле социалдык тармактагы маалымат каражаттарынын баракчалары да өчүрүлдү.

"Фейсбук мындай чечимди Австралиянын бийлиги социалдык тармакка жайгаштырылган жаңылыктардан түшкөн кирешеден салык алуу ниетинен соң кабыл алды. Бийлик компания өз кирешесинен маалымат каражаттарына салык төлөшү керек деп эсептейт. Эгерде Австралия бийлиги көздөгөн мыйзам кабыл алынса, "Google" компаниясы да бул өлкөнүн аймагында өз издөө системин жабарын эскертти", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Jelezo
2021-02-19 09:44:16
Кыргызстанда да жабыш керек ушакчылардын баары Фейсбукта экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан