АКШда катталган бороондон 20дан ашык киши каза болду

АКШнын түштүк штаттарында катталган катуу бороон 20дан ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бороондун кесепетинен миллиондогон тургун электр жарыгысыз калды.

"Катуу бороондон Техас шаары эң көп жабыркаган. Аба ырайынын начарлыгынан Техас, Луизиана, Кентукки, Түндүк Каролина жана Миссури штаттарынын бир нече тургуну көз жумган. АКШнын түштүк аймагындагы рекорддук суук бир нече күнгө созулары айтылууда. Кардуу бороон Мексиканын түндүк жана борбордук бөлүгүнө да сокку урган, анын кесепетинен миллиондогон эл жашаган аймактагы электр жарыгы үзгүлтүккө учураган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан