АКШда Ази Энди аттуу блогер "Twitch" каналындагы баракчасы аркылуу бир түндө 16 миң доллар каражат тапты. Ал өзүнүн уктаганын эфирге тарткан. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Блогердин көрүүчүлөрү ага 7 саат ичинде уктоого тоскоолдук жаратышкан. Ал үчүн колдонуучулар үнүн бийик чыккан музыканы, айнектин талкаланган үнүн, иттин үргөнүн жана башка үндөрдү жаздырып жеке кат аркылуу жөнөтүп турушкан.
"Көрүүчүлөрдүн бири үн колонкасы аркылуу блогердин дарегин билүүгө аракет кылып, аны катуу толкундантты. Ошондой эле катталуучулар ага терезенин артында бычак кармаган киши турат деп кат жөнөтүшкөн. Бул билдирүүнү текшергенде кимдир бирөө, чынында эле терезенин жанында болуп, жазуу калтырып кеткенин көргөн", - деп жазылат маалыматта.