Нью-Йорк штатында коронавируска каршы эмдөөдөн кийин 23 бейтап каза болгон. Бул тууралуу АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун өкүлү билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, АКШ бийлиги окуянын чоо-жайын изилдей баштады. Мындан сырткары COVID-19га каршы эмдөөдөн терс таасир алгандардын саны 643кө жеткен. “Учурда каза болгон америкалыктар баңги затын колдонуп колдонбогону аныкталып жатат”,- деп айтылат маалыматта.
Борбордун өкүлү эмдөөдөн кийинки таасирлер: баш оору, чыйрыгуу, ысытма, чарчоо сыяктуу клиникалык изилдөөлөрдө байкалгандарга окшош экендигин баса белгилеген. Ошондой эле ал вакциналардын коопсуздугуна байланыштуу, көйгөйдү көрсөтө турган эч кандай далил жок экендигин да кошумчалаган.
Эске салсак, кечээ, 18-февралда Грецияда 85 жаштагы карыя коронавируска каршы эмдөөдөн кийин бир нече мүнөттөн кийин көз жумганы айтылган.