"Бизге теңир берген улуу тоолорду, бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен..." Кыргыз өлкөсүнүн ажайып кооз сулуулугу чет өлкөлүк сүрөтчүлөрдүн эмгектеринде (сүрөттөр)

"Мекениңди өзүң менен кошо алып кете албайсың, ага болгон сагынычты гана алып кетесиң" деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов бекеринен айтпаса керек. Кайда жүрбө, кандай турмуш кечирбе киндик кан тамган жер ар бир адамдын жүрөгүндө өзгөчө орунда турат.

Ошол кооздуктун, сулуулуктун арасында жүрүп айрым учурда ушундай бир керемет өлкөдө жашап жатканыбызды эстен чыгарып коёбуз. Бирок чет элдиктер келип суктанып, көз албай тиктеп, мактоо сөздөрүн айтканда ичибизден маашырлана сыймыктанып калабыз.

Бул сүрөттөрдү көргөндө акын Зайырбек Ажыматовдун "Падыша эл" ырынын саптары эске түшөт

"Көк теңирге, ай-ааламга тийишкен
Байкуш болбо башты төмөн ийип сен
Бизге теңир берген улуу тоолорду
Бүт дүйнөнү карасын деп бийиктен..."

Сиздин назарыңызга эл аралык сынактарда байгелүү орундарды ээлеген чет элдик сүрөтчүлөр Антон Агарков, Денис Франтсоузов, Aльберт Дрос, Жуно Ким жана Ричард Ватсондун эмгектерин тартуулайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zhazgul98
2021-02-19 11:16:14
Чындык жана сулуулук ар дайым адам жашоосундагы жана жалпы эле жер жүзүндөгү башкы нерсе болуп келген.
-1
Jacob.
2021-02-19 11:56:30
zhazgul98, чачын жайып жургон деп кошуп кетпепсин да...
+6
Mirlan27011987
2021-02-19 12:12:29
Jacob.,
Албетте ар бир аял заты чачын жайып, сулуулука кам коруп, заманбап жаны кийимдерди тандап жургону жакшы да. Аял эч качан сулуулугун жашырбаш керек, тескерсинче сулуулугун оркундотуу керек.
-6
Zumrudianka
2021-02-19 15:03:48
Mirlan27011987, сен аялына кыздарына келиндуу болуп калсан келиндерине айт сулуулугунарды жашырбагыла деп кышта мини юбка жайда купальниктин турунон уйуно жыйып кой муундарына жете турган кылып. Анан кокус олуп калсан неберелерин билбей калбасын уйундун торуно Кайрат кыргызга окшоп суротко тушуп жазып кой чтобы унутуп чачтарын жазбай коюшпасын. Тообо кылдым
+3
Alia82
2021-02-19 11:57:29
МаашАллах кандай керемет, сагындым сени мекеним...
+7
emil91
2021-02-19 12:17:43
Жараткан Тенирге мин мертебе ыраазымын. Ушундай кооз жерди бизге белек кылып бериптир. Эми ушундай жерибизди барктап, сактап жашайлык.
-5
Bakbai
2021-02-19 13:41:20
Жараткан Аллахым берген .тенир эмес .тенирчилерге табылбай эле турган экен да .макаланы жазган да тенирчи окшойт
+3
zhazgul98
2021-02-19 16:16:49
Bakbai,
Тенир деген сыз кыргыздын нукура таза созу, аллах арабтардын тамгасынан куралган соз.
+3
zamir_kgz
2021-02-19 16:31:45
Менимче #Аллаh#ты тааныгыча тенирге сыйынып келишкен. Бирок Кудайдын 99 атын тааныштыруу мусулмандын милдети. Эгер азыркы убакытка чейин мусулманчылык элге жетпесе бүткүл мусулман Кыргыздар күнөөлүүсүнөр!
+2
Kari
2021-02-20 02:13:33
Сагын мен айылымды ,бийик тоолорду,
Сагындым мен жайлоодогу откон кундорду
Буюрса барамын туулган айлыма
Эртелеп туруп алып суктанам аткан танына
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан