Марс планетасына америкалык "Perseverance" космостук аппараты автономдуу режимде планетанын бетине конду. Бул тууралуу НАСАга шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июль айында жиберилген аппарат белгиленген жерге конгондугу тууралуу 19-февраль Бишкек убактысы боюнча саат 02:55те белгилүү болгон.
Жер менен космос кемесинин ортосунда сигнал өткөнгө чейин 11 мүнөт талап кылынгандыктан, конуу автономдуу режимде өткөн. Жерге аппараттын Марстын бетине конгондугу тууралуу радиосигнал 11 мүнөттөн кийин жеткен.
"Perseverance" космостук аппараты буга чейин НАСА тарабынан Марсты изилдөө үчүн жиберилген бешинчи америкалык кеме болуп саналат. Анын салмагы 1025 килограмм, узундугу 3 метр жана туурасы 2 метр 70 сантиметрди түзгөн дүйнөдөгү эң чоң космостук аппарат.