Аялын сабаган экс-милиционер окуяны ЖМКга жарыялаганы үчүн аялын жана басылманы сотко берди

Казакстанда мурунку милиционер жубайы Асел Алканованы алты жыл бою токмоктоп келген. Кийинчерээк аялы күйөөсүнөн көргөн зомбулук тууралуу басылмага жазып чыккан. Бул тууралуу казакстандык маалымат булактарында айтылат.

Учурда Жексенов Асел Алкановадан ал тууралуу ЖМКга жарыялаганы үчүн бир миллион теңге талап кылууда.

Милиционер тууралуу жазган басылманын башкы редактору Лукпан Ахмедьяров сотко чакырылып, үчүнчү жак катары катышкан. Мурунку полиция кызматкеринин жактоочусу ММКны автор тууралуу ачык жарыялаганы үчүн экинчи айыпталуучу катары жоопко тартууну талап кылып жатат. Бирок гезит жазгандай, сот процесси башталганга чейин Жексеновдон жана анын жактоочусунан редакциянын атына эч кандай дооматтар түшкөн эмес.

Мындан тышкары, мурунку милиционер соттон эки юридикалык окуяны бир кароону талап кылууда. Анын доо арызына ылайык, сот сабоо фактысын четке кагуусу жана басылманын сайтында жана социалдык тармактарда тараган маалыматтар төгүндөлүшү керек. Башкы редактордун өтүнүчүн карап чыккан сот Хатим Ерсенова доо арызды кароосуз калтырган.

Асел Алкановага карата моралдык зыяндын ордун толтуруу жана күйөөсүнүн ар-намысын коргоо боюнча сот иши улантылат.

Эске салсак, 2020-жылы май айында Батыш Казакстан облусунда милиция кызматкеринин жубайы социалдык тармактарга күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып жаткандыгын жазган. Ал башынан жаракат алып, жаагы сынган. Кийинчерээк күйөөсү жумушунан алынганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
zhazgul98
2021-02-20 18:06:46
Тагдырдан кор болгон эркек гана аялды ар тараптан басмырлап турат. Зордук зомбулук маданияттын томондугун коргозот. Тилеке каршы бизде кыздарды кенедейнен эле мунозун мокок, кул сыяктуу кылып тарбиялап коюшат. Ошондой тарбия кийин кордука жол берет. Аял билимдуу болуш керек. Билим аялга кордукка туруштук берүүгө жардам берет.
+22
KaGaH
2021-02-20 19:14:55
zhazgul98, жаңылышасың карындашым,аялдын өткөн жашоосунан көп нерсе зависеть этет,эркек адам көбүнчө аялдын өткөн жашоосу жана кыз болуп тийбеген үчүн урат
-32
AruuKasi
2021-02-20 19:42:11
KaGaH,Эркек кандай болсо ага ошондой аял туш болот. Алсыз эркек гана кол которот. Откон жашоосун казмаласа эч ким бактылуу жашай албайт , кылдан кыйкым издегенден коро кечиримдүү болуп тарбиялап алышсын ошо эркек соройлор.
+21
zhazgul98
2021-02-20 19:42:28
KaGaH,
Аялын таштап кеткен эркектер, кайра кыздыгын калыбына келтирип бере алабы. Жоок. Анда при чем тут кыздык. Кыздыгы бар кызды деле куйолору кордука батырып жатпайбы. Буга кандай дейсин. Азыр бир эркек беш кызды бирдей зордап кеткен эркектер жонундо эмне эстебейстн
+16
Aibek_eka
2021-02-20 19:49:36
zhazgul98,Беш кол тен эмес бир эркек аялын урса бардык эркектер урат деген туура эмес ооба аялын урган эркектерда бар ошол ур тепкиге ылайык аялдарда бар!
+1
Nurislam-Nuraiym
2021-02-20 19:43:06
KaGaH,айта берипсин
+2
Aselya_9105
2021-02-21 14:53:16
KaGaH,причем тут кыздык белги. Кыз болуп келген жоксуң деп эле ура бериш керекпи. Ар кандай себептер болот кыз чыкпай калгандын. Азыркы учурда кыздык белгиге өзгөчө маани берип, аялын ошол маселе менен жей берген адамдарды караңгы адам деп ойлойм мен. Бул менин жеке оюм
-2
rtuiop
2021-02-20 21:05:27
zhazgul98, Кордукка туруштук берууго жардам берет эмес кордука жол бербоого десениз окшошотго туруштук беруу дегендик чыдап журо беруу эчкимге кайрылбай кордугун жаап жашуруу болуп калат
+3
Mister-XXX
2021-02-21 13:48:24
zhazgul98,Кыздарды кул мүнөз кылып тарбиялап коет дегенин туура эмес.Сен өзүңдү ата-энең кул мүнөз кылып,билимсиз тарбиялап койгону көрүнүп турат.Билимдүү болсо эле зордукчул эркек аяп коймок беле.Зордукчул эркек алы жеткендин баарын сабайт.Жеткен акылын ушул,анан башкага акыл үйрөтүп коесун.Сен аялдарды кул мүнөз деп айтканын өзүңдүн төмөндүгүң.
0
dkrf
2021-02-20 19:52:48
Бизде маданият томон. Аялдар көп учурда каалаган нерсесин айтуудан тартынат. Балянын баары ушунда жатат. Ошол себептен кыздар жашоодо каалаган нерсесине жете алышпайт. Менимче кыздардын менталитети дагы деле орто кылымда кармалып турат. Кыздардын коз карашын озгортмоюн кордук бизде токтобойт.
+5
Jacob.
2021-02-20 20:09:32
Уй-булоодогу окуяларга, таалим-тарбияга маданияттын кандай тиешеси бар? Маданиятты динге тыктынар, кийимге тыктынар, эми уй-булоого тыгып атасынарбы?!
Уй-булоо деген кандай болот, аялдын милдети кандай, эркектин милдети кандай экенин баары биле бербегендиктен ушундай конфликттер боло берет...
+8
Jacob.
2021-02-20 20:12:16
Окумуштуулардын изилдоосундо айтылган, динде дагы айтылган аял менен эркек эки башкача ой жугуртот. Тушунбостук мына ушул жерден келип чыгат, аял эркекти аял кылам дейт, эркек аялды эркекче ой жугуртуром деп отушот..
негизи андай болбойт, бири-бирин тушунуу менен мамле кылыш, мен тигиндеймин мындаймын деп озунун правасын качайтете берсе акыр аягы бир уй-булоонун бузулушуна алып келет...
0
dkrf
2021-02-20 20:23:12
Jacob.,
Ошол диний адеп менен жашаган элде кыздар басмырланат. Анткени ар кандай диний эрежелерди билимсиз адамдар ойлоп чыгарышат.
-7
ShaKe11
2021-02-20 20:31:50
dkrf, Не азыр ушулар Дин менен жашап ушунтип урушуп жатабы Эгер Дин менен жашаган да сый мамиле менен калмак Элге жарыя кылбай
+4
Aimani
2021-02-20 23:01:18
ShaKe11,элге жарыя кылбай чыдап журо бериш керек беле.Тема боюнча осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат болуптур.Ушунча когала кылып сабаган эркек эркек эмес экен.аялга кучу жетип.
+3
Taalaibek.
2021-02-20 23:49:24
Аял жакшы-эр жакшы, вазир жакшы-хан жакшы. Жакшы аял жаман эркекти хан кылат.
+1
Sezimim...
2021-02-21 22:50:33
Taalaibek.,Алган эри жарашса, кара катын ак болот...
-1
Mister-XXX
2021-02-22 18:01:07
Sezimim...,минус басылып кетти.Плюс бастым эле
0
Akyl78.1501
2021-02-21 01:10:20
Эринин акчасы барда көк ала болуп муш жесе дагы таштап кете албайт акчанын айынан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан