Тажикстанда блогерлер салык төлөй башташат

Тажикстандын Салык комитети жергиликтүү блогерлерди социалдык тармактардан жана YouTube каналынан түшкөн кирешелеринен салык төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу жергиликтүү тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү блогерлер 1-апрелге чейин каттоого туруп, социалдык түйүндөр менен YouTube каналынан түшкөн кирешелери боюнча салык төлөй баштоосу керек.

"Салык комитетинин кызматкерлери блогерлердин ишмердүүлүгүн изилдеп чыгып, аларды салык төлөөчүлөрдүн тизмесине киргизүү зарыл деген чечимге келишти. Бул жеке блогерлерге гана эмес, башка жеке жактарга да тиешелүү. Алар өз баракчалары жана каналдары аркылуу ири компаниялардын товарларын жарнама кылып акча алышат. Ошондуктан салык төлөшү керек. Бүгүнкү күнгө карата төрт блогер ишкер катары салык органдарына каттоого турушту", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми көптөгөн тажик блогерлери кирешелери көп деле эмес экенин айтышып, салык төлөй албай тургандыгын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Eka.kg
2021-02-19 21:26:16
Туура бизге дагы ушул мыйзам керек!
+24
Eka.kg
2021-02-19 21:30:07
Instagram, Facebook, Yоutubе жана Tik Tok социалдык тармактарда кимдин жазылуучулары 100 миңден ашса, ай сайын мамлекетке салык төлөп турушу керек!
+24
aiba.20201234567
2021-02-19 21:35:35
Туура мыйзам биз дагы толошубуз керек ....
+16
Asmat84
2021-02-19 21:41:00
Туура чечим блогерлер чындап келсе депутаттардай эле акча табышат. Эң эле болбоду дегенде 30 000 ден жогору акча табышат экен биздин блогерлер
мен аны көөп изилдеп көрдүм жанагы инстаграмдан да жарнамалагандарды жана гиф ойноткондорду бүт изилдеш керек
+16
Anara94
2021-02-19 21:46:23
Asmat84,30000 долларбы?
+9
Anara94
2021-02-19 21:46:04
giv ойноткондорго дагы салык салыш керек
+16
Belek1710
2021-02-20 02:17:59
Салыкты салгандан кийин аны да туура пайдалануу керек!
+2
bekuluik
2021-02-20 22:27:35
Жат корунушторду жана ошолорду чыгарган блогерлерди да жазага тартыш керек. Административтик жумушка иштетиш керек. Каттуу чараларды колдонбосо 100 жылдан кийин Киргиздер кобоюп кетет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан