Интернет желесине тараган бет кабын трибунага унутуп кеткен Германиянын канцлери Ангела Меркелдин видеосу кызуу талкууда.
Маалыматка ылайык, Ангела Меркель жыйындардын биринде сөз сүйлөп бүтүп, кайра ордуна келип отурган.
Видеодон бир маалда ал бет кабын эстеп кетип ыргып тура калганын көрүүгө болот. Канцлер трибунага жетип барып жеке коргонуучу каражатын алып келген. Бул учурда тейлөө кызматкери трибунанын үстүн сүртүп жаткан.
Биринчи жүктөлгөн видеону кыска убакыт ичинде 3 миллиондон ашуун адам көргөн.