Шайлоочулардын тизмеси 1-апрелге чейин такталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жүктөлгөн реестри, биометрикалык маалымат базасы бар сервердик топтомдор алгач БШКга жөнөтүлөт. Алар 8-апрелге чейин тапшырылып, 9-апрелге чейин жабдуулар объектилерге орнотулат.
Тизмеден өзүңүздү тактап, 27-мартка чейин түзөтүүлөрдү киргизе аласыз.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде 448 жергиликтүү кеңеште өтөт.