Казакстанда өрттөн бир үй-бүлөдөн 5 бала каза болду

Казакстанда өрттөн бир үй-бүлөдөн 5 бала каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрт 19-февралда саат 15:15те Жамбыл облусунун Жанатас шаарында 5 кабаттуу үйлөрдүн биринен чыккан. Аталган өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, үчүнчү кабаттагы батир өрттөнүп, анда чоңдордун көзөмөлүсүз 2015, 2016, 2017, 2019 жана 2020-жылы туулган беш бала болгон. "Алдын-ала маалыматтар боюнча, алардын атасы жумушта болгон, ал эми апасы дүкөнгө кеткен. Өрттүн кесепетинен балдардын бардыгы көмүр кычкыл газынан жабыркап, тезинен ооруканага жаткырылган, бирок бир аз убакыттан кийин алар көз жумган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Raik
2021-02-20 12:28:26
Кудай сактай көр. Ата энесине сабыр
Былтыр да ушундай болду беле, бир уй бүлөдөн 5 кызы өрттөн каза болуп Казакстанда
+7
dkrf
2021-02-20 13:49:14
Тенирим кырсыктан сактасын
-1
Nur777
2021-02-20 15:57:31
Ата-энесине сабыр берсин..
+4
nazira...
2021-02-20 17:35:42
Домдо жашаса, анда апасы газды өчүрбөй дүкөнгө чыккан окшойт.
+1
Tariel_tt
2021-02-20 18:23:29
Я АЛЛАХ периштелерге бейишинден орун бер. Ата энесине конул айтамын, сабыр кылгыла,пендечилик экен. Орду толгус оксук жоготу экен.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан