"Бир киши каза болуп, бир нече адам жабыркады". Красноярск крайындагы фабриканын кыйрашынын чоо-жайы айтылды (сүрөт)

Орусиянын Красноярск крайындагы Норильск кенди байытуучу фабрикасынын 1000 чарчы метрди түзгөн цехи кыйрап калды. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болуп, бир нече адам жараат алганын РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кыйраган имараттын алдынан эки жумушчу өз алдынча чыккан. Төрт жаранды куткаруучулар алып чыгып, алардын бири дарыгерлердин колунда көз жумган. Мындан сырткары азыркы тапта кыйроо алдында калган жумушчуларды издөө иштери уланып жатат.

Кырсыктын келип чыгуусуна ишкананын курулуш иштерин жасап жаткан учурдагы шалаакылык себеп болгону айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан