Орусияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина каттоодон өттү

Орусияда коронавируска каршы үчүнчү вакцина каттоодон өттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, вакцина "КовиВак" деп аталат. Ал коронавирустун мутацияланган жаңы түрүнө ыңгайлаштырылган. Вакцина М.П.Чумаков атындагы илимий борборунда 127 миң адамга жеткидей болуп даярдалып, март айынын ортосуна жарандык коргонууга жөнөтүлөт.

Орусияда 18-январда президент Владимир Путиндин тапшырмасы менен жашоочуларды массалык эмдөө башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан