Бүгүн, 21-февралга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 111 миллион 52 миң 160 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 62 миллион 598 миң 214 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 460 миң 186 адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 28 миллион 75 миң 453 болду. 497 миң 574 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 977 миң 387 адамдан аныкталды. 156 миң 212 адам каза болсо, 10 миллион 678 миң 48 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.