Венесуэланын президенти кызматтан кеткенден кийин башын бийик көтөрүп айдоочулук ишине кайтарын айтты

Венесуэланын президенти Николас Мадуро бир күнү шаардык автобустун айдоочусу ишине кайтып баруу ниетин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Мен бир күнү президенттик кызматтан кеткенден кийин автобазаларга башымды бийик көтөрүп, формачан кайтып келип, көчөгө автобус айдап чыгып, кызмат өтөйм деп үмүттөнөм", - деген ал транспорт кызматкерлери менен жолугушуу учурунда.

Николас Мадуро орто билимин өз курагындагылардан кеч алган. Ал иш таштоону уюштурганы үчүн мектептен чыгарылган. Өспүрүм кезинде ал солчул уюмдардын активистине айланган, кийинчерээк, автобус айдоочусу жана Каракас метросунун жумушчулар профсоюзунун мүчөсү болгон.

Мадуро 1990-жылдын башында ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин болочок президент жана социалисттик лидер Уго Чавес менен жакын болуп, анын партиясына кошулуп, 1998-жылы республиканын конгрессине шайланган. 2005-жылы Улуттук Ассамблеянын төрагасы, 2006-жылы Уго Чавестин өкмөтүндө тышкы иштер министри болгон. 2012-жылы мурдагы президент Уго Чавес көз жумардан бир нече ай мурда жарандарга алдыдагы президенттик шайлоодо Мадуронун талапкерлигин колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Николас Мадуро Венесуэланын президенти болуп 2013-жылдын апрелинде шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Spb
2021-02-22 09:29:52
Моладец
+1
dkrf
2021-02-22 12:52:01
Калпты айтып жатат
-1
Nur777
2021-02-22 13:55:38
Неге болбосун,азамат! Ирандын мурдагы презииденти деле кой кайтарыпп журот го азыр..
.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан