
АКШнын Техас штатында бороондун кесепетинен тоңуп өлгөн баланын үй-бүлөсү Техастын Электр ишенимдүүлүк кеңешине (ERCOT) каршы 100 миллион доллар өлчөмүндө доо койду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 11 жаштагы Кристиан Павон Техас штатындагы Конро шаарында бороондун кесепетинен электр энергиясынын массалык өчүрүүлөрүнөн улам жылуулуксуз жана жарыксыз калган трейлер унаасында түнөп көз жумган. Баланын үй-бүлөсү аны сууктан көз жумган деп эсептешет.