"Райымбек Матраимовдун кан басымы көтөрүлүп жатат" дейт Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун директору

Кыйноолордун алдын алуу боюнча борбордун директору Бакыт Рысбеков Райымбек Матраимов менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирди.

"Райымбек Матраимов менен жолугуп чыктым. Анын кан басымы көтөрүлүп жатыптыр, керектүү учурда "Тез жардам" чакырылып жатат. Ал кишинин кан басымы мурда да көтөрүлчү экен", - деди ал.

Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматынан бир аздан кийин маалымат бере турган болду.

18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

20-февралда Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан