Япониянын өкмөт башчысы Ёсихидэ Суга баласы чиновниктер менен тамактанганы үчүн кечирим сурады. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, премьер-министрдин уулу Япониянын Ички иштер жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрү менен бир дасторкондо болгон.
Андагы маалыматта өткөн жылы министрликтин 4 өкүлү премьер-министрдин "Tohokushinsha Film" телекомпанияда иштеген улуу баласы менен чогуу тамактанганы айтылат. Тамак үчүн төлөм өкмөт башчынын уулу тарабынан болгон деп болжолдонот.
Бир күн мурун Токиодо министрлер кабинетинин жыйыны болуп, анда чиновниктердин жүрүм-турум эрежелерин бузуу маселелери талкууланды. Өкмөт башчы Ёсихидэ Суга чиновниктердин жүрүм-турум эрежелерин бузган аракеттерине баласынын катыштыгы бар экендиги үчүн кечирим сурады.
Премьер-министрдин уулу иштеген компания спутниктик берүү укугуна ээ болуу үчүн лицензия алып турат. Лицензия өлкөнүн Ички иштер жана коммуникация министрлиги тарабынан берилет.