Бишкек шаардык мэриясы: "Шаардын ички жолдорундагы кудуктардын темир капкактары көп уурдалып жатат"

Бишкекте өткөн аптада "Бишкекасфальтсервис" ишканасы шаардын ички жолдорундагы 30 кудуктун темир капкагын ордуна коюп чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, шаардык мэрия акыркы убактарда кудуктардын темир капкактары көп уурдалып жатканын белгилеп, шаардыктарга кайрылды.

"Урматтуу шаардыктар, суранабыз темир капкактарды уурдабаңыздар! Бул абдан коркунучтуу. Эгер капкактардын уурдалып бара жатканын көрсөңүздөр 102 номуруна кайрылыңыздар. Ал эми ачык кудуктар боюнча WhatsApp 0558 888358 номерине жазыңыздар", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Эске салсак, мэрия буга чейин кудуктардын капкактарын алган жайларды аныктоо үчүн темир алуу пункттарын текшеришкен.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kona8631
2021-02-22 20:09:04
Урдагандардын колуна шал тийсин
+4
Djumahmatov
2021-02-22 20:44:41
Уурдагандарды корсом чалып отурбай эле озум жазалап коймокмун фучик-Московскийде бироо ачык турат бугун мен тушуп машинанын шарафоюну жулуп алды
+1
abusait
2021-02-23 04:50:57
Укмк менен МВД ушу уураларды издебейби,?
0
suban78
2021-02-23 06:14:13
Азыр калын пластмассадан жасап калбадыбы Россияда. Арзан да турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан