Бийликтин кысымынан улам Беларустан чыгып кеткен мурдагы президенттикке талапкер Светлана Тихановская оппозициянын мүчөлөрүн Беларустун эгемендүүлүк күнүнө карата 25-мартта кайрадан көчөгө чыгууга чакырды. Бул тууралуу Тихановская билдирүүнү өзүнүн телеграмм каналына жарыялаганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
"Бардыгыңыздарды ушул күнү көчөгө чыгууга чакырам", - деп жазган Тихановская.
Буга чейин Тихановская Швейцариянын Le Temps гезитине маек куруп, анда учурда оппозиция күчтөрү утулуп калгандыгын жана режимди жеңүү пландаштырылгандан көп убакыт талап кылынарын моюнуна алган.