Орусиянын Москва шаарында 36 жаштагы аял 11 жаштагы кызы менен 3 жашар уулун өлтүрүп андан соң өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 20-февралда шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде орун алган. Анда аял 3 жаштагы баласын тумчуктуруп өлтүргөнү аныкталган. Ошондой эле үйдөн аялдын 11 жаштагы кызынын дагы сөөгү табылган.
Укук коргоо органдары аял өзүн-өзү да өлтүрүүгө аракет кылганын ал моюнундагы жарааты менен ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин ал тергөө абагына жибериле тургандыгы айтылган. Аялдын эмне себептен мындай жолго баргандыгы тууралуу азырынча эч кандай маалымат жок.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат маалыматта.