"Кабарлар” маалымат агенттигинин директорунун үстүнөн арыз жазган адам алгач мага акча сунуштаган" деп SUPER.KG порталына OPPA.KG сайтынын жетекчиси, журналист Нурис Алымбаев билдирди.
Анын айтымында, акча сунуштаган адамдын мас абалында унаа айдап бара жатып кармалган видеосу бир нече күн мурун интернетке чыккан.
"Ал адам кармалган учурда "Садыр Жапаровго чалдым" деп телефон аркылуу кимдир бирөө менен сүйлөшүп, бошонуп кетүүгө аракет кылган. Видео интернетке чыккандан кийин мага өчүрүп салууну суранып, тааныштары аркылуу өзү акча сунуштаган. Мен макул болбой койгондон ар кандай жаман сөздөрдү жазды. Бул боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылайын деп турам", - деди Алымбаев.
Буга чейин УКМК жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын биринин жетекчиси пара талап кылуу фактысы менен кармалганын билдирген.
Кийинчерээк кармалган адам "Кабарлар" маалымат агенттигинин директору Үмүт Мукамбетова экендиги белгилүү болуп, аталган агенттик тарабынан жетекчинин кармалышы боюнча түшүндүрмө берилген.
Нурлис Алымбаев кеп төмөндөгү видео боюнча болуп жатканын белгиледи.