Депутат Максат Сабиров мандатын тапшыра турганын жарыялады. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бүгүн мен мандатымды жаштарга таштап кетүүнү туура деп чечтим. Мандатымды тапшыра турган болдум. Баарыңыздарга жакшылык каалайм", - деди ал.
Максат Сабиров "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат.