Бүгүн, 25-февралда Жогорку Кеңеште Эсептөө палатасынын аудитору кызматына Алмазбек Акматовдун талапкерлиги каралды.
Талапкерди 62 депутат колдоду. Жыйынтыгында Алмазбек Акматовдун талапкерлиги жактырылды.
Акматов буга чейин Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.