Борбор калаада жаңы 100 орундуу бала бакча ачылды (сүрөт)

25-февралда Бишкек шаарындагы Тыныстанов көчөсүндөгү өрттөнүп кеткен салык кызматынын мекемесинин ордуна курулган жаңы бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын аянты 1216 чарчы метрди түзүп, 100 балага ылайыкталган.
"Ачылыш аземине Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров, вице-мэрлер Айжан Чыныбаева, Жамалбек Ырсалиев, Биринчи Май районунун акими Максат Нусубалиев, мектепке чейинки билим берүү уюмунун педагогдору жана Бишкек шаарынын ардактуу жараны Лидия Каткова катышты.
Бала бакча балдарды жемиштүү окутуу үчүн бардык зарылчылыктар менен камсыз болгон. Балдар үчүн ойноочу жана уктоочу бөлмөлөр, музыкалык жана спорттук залдар жана дааратканалар каралган. Биринчи кабатта кир жуучу, азык-түлүк сактоочу жана техникалык жай жайгашкан.

Бала бакчанын курулушуна шаардык бюджеттен 35 миллион сом бөлүндү. Жаңы бала бакчага №11 деген номер берилди", - деп жазылат мекеменин маалыматында.

Эске сала кетсек, жаңы бала бакчанын пайдубалы 2019-жылы күзүндө түптөлгөн, бүгүн болсо ал биринчи жолу балдарды кабыл алып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан