Садыр Жапаровдун Орусияга болгон алгачкы иш сапары жыйынтыкталды. Ал өлкөгө түндө кайтып келди

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары жыйынтыкталып, ал өлкөгө түндө кайтып келди. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров Орусияда биринчи чет элдик иш сапары менен болду. Ал иш сапарын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуудан баштады. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Орусия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантууга даяр экендигин билдирди, ошондой эле Владимир Путинди Кыргыз өлкөсүнө расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды", - деп жазылат билдирүүдө.

Мекендештер менен болгон жолугушууда Садыр Жапаров алардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, Орусиянын билим берүү мекемелеринде окуп жаткан студенттерге мамлекеттик колдоо жана башкалар жөнүндө айтып, мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун жолугушуусу болуп, анда кыргыз-татар байланыштарынын келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Президенттин иш сапарынын экинчи күнүнүн күн тартиби да тыгыз болду. Мамлекет башчысы Орусиянын мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин, Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Орусиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаровдун иш сапары Москва шаарындагы Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коюу менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан