Садыр Жапаров акыркы 4 айда мамлекеттик бюджетке 4 миллиард сомдон ашуун каражат кайтарылганын айтты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары Орусияга болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.

Анда маалымат каражат өкүлү Жапаровго "Жалпыга маалымдоо каражаттары экономика тармагында сиздин кен иштетүү жаатында иш жүргүзүүгө, инновацияларга, коррупцияга каршы күрөшүүгө, эмгек мигранттарынын укугун коргоого басым жасап жатканыңызды жазды.

Сизден мурунку президенттер дагы келечектүү программаларды сунушташкан, бирок алар да Кыргызстанды революциялардан куткара алган жок. Сиздин көз карашыңыз боюнча алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн эмне кылуу керек?" деген суроо узаткан.

Берилген суроого Садыр Жапаров төмөнкүчө жооп берип, ал коррупцияга каршы күрөштө акыркы 4 айда мамлекеттик бюджетке 4 миллиард сомдон ашуун каражат кайтарылганын билдирди.

— Ондогон жылдар бою өлкөнүн тоо-кен тармагындагы кырдаалды жакшыртуу боюнча ар кандай аракеттер көрүлүп келгени белгилүү. Бирок ырааттуу, максаттуу мамлекеттик саясаттын жоктугунан улам бул тармак өнүгүп кете алган жок.

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө тоо-кен тармагын реформалоо күн тартибинде турган, мамлекеттик саясаттын потенциалдуу артыкчылык берилген багыттарынын бири болуп калды. Ал үчүн өлкө калкынын колдоосу менен ата мекендик тоо-кен өнөр жайынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, алдыңкы тажрыйбаларды эске алуу менен ачык-айкын укуктук жөнгө салуу системасын түзүү, өлкөнүн минералдык жана чийки зат потенциалын ачуу, жагымдуу инвестициялык климатты жаратуу жана башкалар боюнча бир катар чечкиндүү чараларды көрүү маанилүү деп эсептейм.

Мына ушуга байланыштуу менин кол койгон алгачкы Жарлыктарымдын бири «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлык болду. Аны ишке ашыруунун алкагында, атап айтканда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдардын системасын түзүүгө багытталган Тоо-кен кодекси иштелип чыгат.

Конституцияга ылайык, жер жана андагы кен байлыктар Кыргыз Республикасынын өзгөчө менчиги экендигин белгилей кетейин.

Ушуга байланыштуу ири кен чыккан жерлерди иштетүүдө мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында мамлекеттик маанидеги кендерди иштетүүнү уставдык капиталында мамлекеттин 100% катышуусу менен болгон улуттук тоо-кен компаниясына берилиши керек. Ал өлкөнүн минералдык-сырьелук базасынын экономикалык потенциалын жогорулатуу куралы катары кызмат кылат. Геология жаатындагы мамлекеттик ишканалардын базасында Улуттук тоо-кен компаниясын түзүү мерчемделүүдө.

Белгилей кетүүчү нерсе, буга чейин иштетилип жаткан кендерди мамлекеттин карамагына өткөрүп берүү өлкөнүн инвестициялык климатына терс таасирин тийгизиши мүмкүн, андыктан жаңы түзүлө турган улуттук компанияга лицензия берилбеген кендер өткөрүлүп берилет. Бул жаңы аракеттер кен иштетүүгө лицензиясы бар жер казынасын пайдалануучуларга тиешеси болбойт.

Ошондой эле инвесторлордун инвестициясын коргоо жаатында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүнө каражат салган инвесторлорго кепил боло турган мамлекеттин үлүшү каралат жана эл арасында тоо-кен иштетүү боюнча долбоорлордогу мамлекеттин үлүшү жөнүндө көп көтөрүлгөн суроолорго жооп болот.

Бул сөзсүз түрдө мамлекеттин экономикасына оң таасирин тийгизет, ошондой эле жергиликтүү калктын тоо-кен компаниялары менен чыр-чатактарын азайтат.

Тоо-кен тармагындагы бул реформалардын бардыгы Кыргыз Республикасынын мындан аркы экономикалык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтээрине ишенем.

Инновация темасына токтоло турган болсок, реформалар салттуу түрдө экономиканын ири секторлорун колдоого, кымбат стратегиялык долбоорлорду ишке киргизүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө, борбор менен региондордун ортосундагы кирешелерди теңдөөгө жана социалдык чыңалууну азайтууга багытталгандыгын белгилейм.

Ошону менен бирге COVID-19 пандемиясынын кесепетинен келип чыккан глобалдык кризистин шартында мамлекет тарабынан ири каражаттар салынат деп күтпөстөн жаңы инновациялык бизнес жана бүтүндөй бир индустрия үчүн натыйжалуу чөйрө түзүп бере турган жаңы чечимдерди издөө өзгөчө маанилүү.

Кыргыз Республикасында IT компанияларын колдоо иретинде мамлекеттин каржылык инвестициясын талап кылбаган, өтө натыйжалуу болгон «Жогорку технологиялар паркы» түзүлдү.

Мындан тышкары, бул багытта адам турмушунун ар кандай чөйрөлөрүндө жаңы технологиялардын жана ачылыштардын ролун жогорулатуу менен интеллектуалдык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө негизделген «креативдүү экономиканы» алга жылдыруунун чоң келечеги бар.

Биз потенциалдуу креативдүү индустрия чөйрөсүндө кол өнөрчүлүк, программалык камсыздоо жана эсептөө системасы, туризм, креатив мейкиндиктерин өнүктүрүү, архитектура жана башкаларды көрүп турабыз.

Бардык креативдүү тармактар боюнча мындай ыкманы киргизүү менен, экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшү, жумуш орундарынын көбөйүшү, көп киреше алып келген өнүмдөрдүн экспортунун көлөмү жана салык төлөмдөрүнүн жогорулашы гана эмес, Кыргыз Республикасынын креативдүү бизнес ачууга боло турган, карьералык өсүш жана инвестиция тартуучу өлкө катары эл аралык жагымдуулугун арттыруу күтүлүүдө. Кыргыз Республикасы башка өнүккөн өлкөлөр менен кошо 21-кылымдын эң жогорку өндүрүмдүү тармагы болгон креативдүү экономикага чоң маани берген өлкөлөрдүн катарына кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан ыңгайлуу экосистеманы түзүү — бизнес кылууда жагымдуу шарттарды камсыз кылуучу натыйжалуу механизмдердин бири болуп саналат.

Инновациялык мамиленин элементтеринин бири — мамлекеттик секторго санариптештирүүнү киргизүү. Мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнүн санариптик куралдары коррупциялык тобокелдиктерди жокко чыгарат. Бирдиктүү санариптик экосистема тең укуктуу мамилени жана өлкөнүн ички экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Биз жакынкы мезгилде ишке ашырабыз деп пландап жаткан мамлекеттик реформалар дагы инновациялык мамилени талап кылат. Жарандар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр менен сервистерди уюлдук телефон аркылуу ала алгыдай түзүүнү пландап жатабыз. Бул жарандарга облустук борборлорго барбай туруп эле, маселен, сертификат алууга же арыз тапшырууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок эң негизгиси, биз буга өзгөчө басым жасоону пландап жатабыз. Санариптик реформалар импорттолуп жана экспорттолуп жаткан товарлардын көзөмөлүн камсыз кылат. Товарларга көзөмөл киргизүү, трансакциялардын ачык-айкындуулугу акыркы керектөөчүнүн укуктарынын корголушун жана сапаттуу товарларга, жумуштарга, кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Товарларды көзөмөлгө алуу — «санариптик фискалдаштыруу» долбоорлорунун бири гана болуп саналат. Бүгүнкү күндө электрондук эсеп-фактуралар, патенттер жана полистер, виртуалдык көзөмөл-кассалар, май куюучу жайларда, чек ара аймактарында жүк ташуучу унааларга автоматташтырылган эсептөөлөрдү жана отчётторду электрондук форматка өткөрүү жигердүү ишке киргизилип жатат.

Бул долбоорлорду ишке ашыруу, биринчи кезекте, бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга жана жарандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган.

Алгачкы кол койгон жарлыктарымдын бири «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» экенин кошумчалап кетким келет.

Кыргыз Республикасынын 832 миңден ашык жараны жакшы жумуш издеп чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Бул расмий маалыматтар боюнча гана. Көпчүлүк учурда жаш, эмгекке жарамдуу жана активдүү жарандар кетип жатышат. Алардын көпчүлүгү миграцияда жүргөн учурда тажрыйба топтошуп, алардын тажрыйбалары келечекте Кыргызстандын суроо-талаптарына жооп бериши мүмкүн.

Менин алдыга койгон маанилүү милдетим — бул биздин жарандарды өлкөгө кайтарып келип, аларга өз мекенинде иштөөгө шарттарды түзүп берүү. Бирок дагы бир жолу кайталап кетейин, бул көйгөйдү бир күндө чечип коюу мүмкүн эмес. Ошондуктан биринчи кезекте иш менен камсыз кылуу жана миграция чөйрөсүндөгү бүтүндөй мамлекеттик саясатты белгилөө керек деп эсептейм. Бул стратегиялык багыт.

Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү сценарийлерине, квалификациялуу адистерге жана жумушчу кадрларга болгон талапка жараша, ички эмгек рыногунда жарандардын иш менен камсыз болушуна көмөктөшүүгө багытталган бирдиктүү комплекстүү механизмди түзүү зарыл.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын калктын агымы башка жактарга караганда көп болгон аймактарында жаңы өндүрүштөрдү өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлор артыкчылыктуу түрдө жүзөгө ашырылат.

Муну менен катар эле эмгек мигранттары үчүн тышкы рыноктордо да татыктуу эмгек шарттарын табуу боюнча иштер жүргүзүлүшү керек. Мындан сырткары, кыргызстандыктар үчүн Европа Бирлигинин жана АКШнын, араб өлкөлөрүнүн жана Азия өлкөлөрүнүн эмгек рыноктору жеткиликтүү болушу үчүн тышкы эмгек рынокторун диверсификациялоо милдети турат.

Азыркы заманбап технологиялар аралыктан иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин жарандар Кыргызстандын аймагында туруп, өз кызматтарын башка өлкөлөргө көрсөтө алышат. Кыргызстанда IT тармагы жигердүү өнүгүп жатат. Биздин программисттер бул жаатта дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө ийгиликтүү иштеп жатышат. Аларга Орусия, Европа өлкөлөрүндө жана Америкада суроо-талап күч.

Кийинки милдет Кыргыз Республикасына кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мамлекет аларга жумушка орношууга өз убагында жардам көрсөтүп, өз мекенине кайтып келгенден кийин жеке бизнесин ачууга, балдарына татыктуу билим берүүгө, алардын келечеги үчүн кам санабай тургандай кылып шарт түзүп бериши керек.

Буга байланыштуу иштеп тапкан капиталын узак мөөнөттүү инвестицияга жана аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын, мекендештерди жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштелип чыгып, кабыл алынат.

Программада эмгек мигранттарынын, мекендештердин жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн топтогон каражаттарынын белгилүү бир бөлүгүн бизнес ачууга, өнүктүрүүгө же «мигранттар үчүн "1+1" схемасы менен бизнес ачууну каржылоо, аны өнүктүрүүгө» жеңилдетилген насыя берүү схемасы боюнча инвестициялоого мамлекеттик колдоо инструменттерин түзүү каралган.

Ошондой эле чет жакта иштеп жаткан жарандарыбыз мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү кажет.

Коррупцияга каршы күрөшүү туурасында айтсак, биринчи кезекте ага саясий эрк керек. Бардык деңгээлдеги жетекчилер бул күрөштө «өзүбүздүкү же бирөөнүкү» деген түшүнүктөрдү унутушу зарыл. Коррупцияга белчесинен баткан адам тууганчылык же достук мамилелерге, ээлеген кызматына жана статусуна карабастан жоопко тартылышы керек.

Коррупцияга каршы күрөшүү иштери жүрүп жатат жана эч нерсеге карабастан дагы да күчөтүлөт.

Кыргыз Республикасы коррупцияга каршы эл аралык «Transparency International» рейтингиндеги позициясын жакшыртып келе жаткандыгын белгилеп кетким келет.

Учурда бардык багыттарда коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды жок кылуу боюнча катаал чаралар көрүлүп жатат. Дээрлик күн сайын укук коргоо органдары коррупциялык кылмыш кылган кызматкерлердин жүзүн ачып кармоодо. Алардын арасында мамлекеттик органдардын катардагы кызматкерлеринен тарта жогорку кызматтагы чиновниктерге чейин бар.

Акыркы төрт айда эле биз мамлекеттик бюджетке 4 миллиард сомдон ашуун каражат кайтардык. Муну менен биз коррупцияга каршы күрөш курулай сөз гана болбостон чыныгы иш-аракеттер болуп жатканын далилдеп жатабыз.

Ошол эле учурда биринчи кезекте комплекстүү мамиле жасалышы керек деп эсептейм. Коррупцияга каршы ийгиликтүү күрөшүү үчүн жазалоо тажрыйбасы гана эмес, натыйжалуу алдын алуу чараларын да киргизүү керек. Мындай чара буга чейин коррупциялык кылмыштарды жасаган чиновниктерди жазалоого гана эмес, коррупциянын пайда болуш себептерин жана шарттарын жоюуга да мүмкүнчүлүк берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан