Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров мамлекет башчысы катары Орусияга болгон биринчи чет өлкөлүк иш сапарынын алкагында «Российская газетага» көлөмдүү маек берди. Маек гезиттин бүгүнкү, 2021-жылдын 26-февралдагы санына жарыяланды.
— Кыргыз өлкөсүндө мамлекет башчысын шайлоо менен катар эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум болуп өттү. Өлкөнүн жарандары президенттик башкаруу формасын колдоп беришти. Бул реформалардын мааниси эмнеде, эмне үчүн парламентти айрым ыйгарым укуктарынан ажыратуу зарылчылыгы келип чыкты?
— Жүргүзүлүп жаткан реформалардын мааниси бардык маселелер боюнча жоопкерчиликтин так аныкталышында. Элибиз жоопкерчиликсиз бийликтен тажады. Учурдагы Конституцияга ылайык, президент маселелерди чечүү жана жоопкерчиликти алуу ыйгарым укуктарынан ажыратылган, ал эми Жогорку Кеңешке мындай ыйгарым укуктар берилген эмес. Президент институту жана парламент — мамлекеттик башкаруу системасындагы эки маанилүү өкүлчүлүк институту болуп саналат. Ошол эле учурда эл өзүнүн ийгиликтерин жана көйгөйлөрүн президенттен деп эсептей берет. Парламенттик башкаруу формасын сактап калуу үчүн дагы деле болсо өлкөдө жетиштүү күчтөр жана көз-караштар бар болгондуктан бул боюнча мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо зарыл болчу. Буга байланыштуу 2021-жылдын 10-январында башкаруу формасын тандоо боюнча референдум болуп өттү. Өлкөнүн жарандарына мындан ары кандай формадагы республикада жашоону тандоо сунушталды: президенттик, парламенттик же экөөнө тең каршы.
Эл башкаруунун президенттик формасын тандап, шайлоочулардын 80 пайыздан ашыгы ушул башкаруу формасына добуш беришти.
Бул көрсөткүч жарандардын өз ыктыяры жана эрки менен башкаруу формасын тандап алганын далилдейт. Бул президенттик башкаруу формасынан элдин күткөн үмүтү абдан чоң экендигин көрсөтөт.
Экинчиден, азыркы этапта парламентти айрым ыйгарым укуктарынан ажыратып койду деп айтууга али эрте. Мында президенттин ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин күчөтүү жөнүндө сөз болуп жатат. Парламент бийлик бутактарынын бири бойдон кала берет. Мыйзам чыгаруу органы катары парламенттин негизги функциялары калат.
Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген Конституциянын жаңы долбоорун Конституциялык кеңешме иштеп чыгып, парламенттин кароосуна жиберди.
Конституциянын долбоорунда парламенттин негизги функциялары сакталат. Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо маселелери Жогорку Кеңештин макулдугу менен ишке ашат. Республикалык бюджетти бекитүү, өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн жылдык отчётун кароо, мунапыс актыларын чыгаруу, ошондой эле Жогорку Соттун жана Конституциялык Соттун судьяларын шайлоо жана бошотуу маселелери, Конституциялык Соттун жана Жогорку Соттун судьяларынын ичинен төрагаларды дайындоого жана бошотууга макулдук берүү жана башкалар парламентке тиешелүү болот.
Сиздер көрүп тургандай, парламенттин ыйгарым укуктарынын көбү сакталып калган. Балким, чечим кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик балансы премьер-министр менен өкмөттөн президентке өткөн.
Акыркы өткөн референдумдун жыйынтыгында келип чыккан жаңы Конституциянын долбоору ушул жылдын апрель айында кабыл алынат. Өзгөртүүлөр референдумга чыгарылып, эл өз тандоосун жасай турганы күтүлүүдө.